Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Кыргызстан 2025-жылы 10 миллион туристти кабыл алууну пландап жатат
16.05.2025 | 15:25
Быйыл Кыргызстан 10 миллион туристти кабыл алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Кыргызстан менен Монголиянын туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн B2B жолугушуусунда Туризм департаментинин башчысы Эрдэнэт Касымов билдирди.
Касымов белгилегендей, туризм тармагы өлкөнүн экономикасына зор салым кошуп келет.
«Биз саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, туризм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.Буга байланыштуу быйыл 10 миллион туристти кабыл алууну пландап жатабыз», – деди Касымов.
Рубрики: Жаңылыктар