Россиядагы кыргыз мигранттары укуктук статусун 10-сентябрга чейин жөнгө салуу керек

05.08.2025 | 10:38

Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул аракеттер Россияда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга, 2025-жылдын 10-сентябрына чейин берилген укуктук статусун жөнгө салуу мөөнөтүнүн аяктап баратканына байланыштуу көрүлүүдө.

Элчилик кызматкерлери кыргыз жарандары көп жашаган аймактарга барып, Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле маалыматтар расмий интернет-ресурстар жана социалдык тармактар аркылуу тынымсыз таралууда.

Мындан тышкары, мекендештерге жардам көрсөтүүнү күчөтүү үчүн ТИМ тарабынан элчиликке кошумча кызматкерлер жиберилген.

2025-жылдын алгачкы 6 айындагы көрсөткүчтөр:

  • 89 464 консулдук кызмат көрсөтүлдү
  • 6 249 жарандын укуктары корголду
  • 19 655 жаран ишеним телефону аркылуу кеңеш алды
  • 39 612 адам документ маселеси боюнча консультация алды
  • 5 500 жаран жеке кабыл алууда жардам алды
  • 240тан ашык консулдук чыгуулар аткарылды
  • 87 жаран абакта жолугушууга алынды
  • 15 жашы жете элек бала мекенине кайтарылды
  • 116 адам административдик, 10 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду
  • 19 жаран оор кырдаалдан улам Кыргызстанга кайтарылды

Кыргызстандын элчилиги мигранттарга 10-сентябрга чейин өзүнүн жашоо жана иштөө макамын мыйзамдаштырып алуу зарылдыгын дагы бир жолу эскертет. Бул талаптарды убагында аткарбоо укуктук жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top