Россиялык бизнес Ысык-Көлдө мейманканаларды курууга инвестиция салууга ниеттенүүдө

04.02.2026 | 14:00

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу республиканын туризм тармагына чет өлкөлүк капиталдык салымдарды тартуу боюнча ишти улантууда. 2026-жылдын 3-февралында Башкы консул Максат Тентимишовдун «Реал Трейд» компаниялар тобунун жетекчиси Вячеслав Щукин менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар Ысык-Көлдүн жээгинде девелопердик долбоорлорду ишке ашыруу келечегин предметтүү талкуулашты.

Россиялык ишкер аймактын туристтик дараметин жогору баалап, орусиялыктардын Кыргызстандагы эс алуунун түрдүү форматтарына — пляждык жана экологиялык туризмден тартып, тоо лыжа спортуна жана альпинизмге чейинки туруктуу кызыгуусун белгиледи. Инвестордун пикири боюнча, учурда облустун инфраструктурасындагы масштабдуу өзгөрүүлөр туристтик агымдын мындан аркы өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ушуга байланыштуу компания рекреациялык зонасы бар классикалык мейманкана комплексин же адистештирилген спа-отель куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Бул пландарды ишке ашыруу үчүн «Реал Трейд» термалдык булактары бар мейманканаларды башкарган белгилүү уралдык «Баден фемили» тармагын кызматташууга тартууну пландаштырууда. Башкы консул бул демилгени колдоп, Кыргызстандын инвестицияларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн кеңири түшүндүрүп берди жана дипломатиялык өкүлчүлүк менен тармактык мамлекеттик органдар долбоорду ишке киргизүүдө тиешелүү көмөк көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Scroll to Top