Россиянын ИИМ министри Кыргызстанда иш алып барган киберкылмышкерлер кармалганын билдирди

Россиянын ИИМ министри Кыргызстанда иш алып барган киберкылмышкерлер кармалганын билдирди

Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев киберкылмыштуулуктун көбөйгөнүн жарыялап, IT алдамчылык менен күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу ал Ички иштер министрлигинин биргелешкен коллегиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир жарым жыл ичинде Россияда  765 миңден ашык IT кылмышы катталса, анын жарымын алдамчылык түзөт. Ар бир төртүнчү жабырлануучу пенсионер.

Колокольцев ошондой эле киберкоркунучтар барган сайын трансчегаралык мүнөзгө ээ болуп, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарынын макулдашылган аракеттерин талап кылып жатканын белгиледи.

Министр биргелешкен ыкчам-тергөө тобу буга чейин аралыктан уурулук кылган кылмыштуу топтун 70тен ашуун мүчөсүн жоопкерчиликке тартканын билдирди. Кылмышкерлер Россия, Беларустун жана Кыргызстандын аймагында операция жүргүзүшкөн. Алардын 140 эпизодго тиешеси бар экени аныкталган.

Колокольцев трансулуттук киберкриминалдык топтордун ишмердигине бөгөт коюу үчүн санариптик издер, зыяндуу программалар жана уурдалган каражаттарды алуу схемалары тууралуу маалыматтарды камтыган мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну күчөтүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>