Кыргызстандын Улуттук банкы 25-июнга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады.
Америкалык валютанын наркы дээрлик өзгөргөн жок 79,5043 сомду түзөт.
Ал эми рублдин курсу 1,17%га төмөндөп, 1,4644 сомду түздү.
Теңгенин сомго карата арзандоосу уланууда. Казак валютасы 1,29% төмөндөп, 0,1688 сомду түздү.
Сомго карата бекемделген жалгыз валюта – евро. Ал 0,46%га кымбаттап, 83,8183 сомго жетти.