Кара-Сууда карызы үчүн 36 жаштагы киши бычакталды — сүрөт

Кара-Сууда карызы үчүн 36 жаштагы киши бычакталды — сүрөт

Кара-Суу районунда 36 жаштагы жаран карыздын айынан каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-июнда ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан Савай айыл аймагынын жашоочусунун сөөгү медициналык мекемеге алынып келингендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты электрондук журналга катталып, иликтөө иштери башталды.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 23-июнь күнү саат 15.30дар чамасында Кенжекул айылынын кире беришинде 26 жаштагы С.Ж. жана 36 жаштагы У.А. карыз боюнча чыр чыккан. Натыйжада жаш жигит У.А.га бир нече жолу бычак сайган.

Жаракат алган киши ооруканага жетпей каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>