Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Руслан Бекназаров камакта калтырылды
30.09.2022 | 15:56
Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралды.
Сот буга чейин Биринчи май райондук сотунун Бекназаровду 12-октябрга чейин камакка алуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Ал 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.
Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом