Билим алууга эч качан кеч эмес, — 85 жаштагы студент Мамат Кулматов

Билим алууга эч качан кеч эмес, — 85 жаштагы студент Мамат Кулматов

Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде 85 жаштагы Мамат Кулматов билим алууда.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдагандай, 85 жаштагы студент кечки бөлүмдүн фармацевтика адистигинин 1-курсунда окуйт.

Мамат Кулматов 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш кезинде айыл-чарба техникумунда окуп, аграном адистигине ээ болгон.

Айыл чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

«ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга эч качан кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем” — дейт аксакал.

Кулматов үй-бүлөсү бул куракта окубай эле коюшун айтканын билдирди.

“Үйдө бул карыган куракта окубай эле кой деп айтышкан. Бирок алар менин ичимде эмне бар экенин билишпейт да. Мен аларга баарын түшүндүрүп бердим. Апам оорунун айынан эрте каза болгон. Анан дарыгер болом деп өзүмө сөз бергем”, — деди Мамат Кулматов.

Карыя байбичеси менен төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20дан ашуун небере, чөбөрөлөрү бар.

Ал эми окуу жайдын органикалык химия мугалими Махира Мирзаева 27 жылдык тажрыйбасында мындай максаттуу, билимге умтулган, изденүүнү каалаган чоң атага биринчи жолу жолукканын айтты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>