Садыр Жапаров билими күчтүү жана билеги күчтүү жаштарга акчалай сыйлык тапшырды

16.09.2024 | 14:46

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров куттуктоо сөзүндө белгилегендей, 2024-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мектеп окуучулар илим, технология, инженерия жана математика багытындагы эл аралык олимпиадаларда математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча медалдарды жеңип, ийгиликтерди жаратууга жетишти. Бул жетишкендиктер – окуучуларыбыздын, мугалимдерибиздин таалыкпаган мээнетинин, үзүрлүү эмгегинин натыйжасы, билим берүү системасынын туура жолдо бараткандыгынын далили болду.

Президент жеңишке жеткен окуучулар келечекте Кыргызстандын экономикасын жана илимий-изилдөө потенциалын өстүрүүгө чоң салым кошот, деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров жаш балбандардын спорттогу жетишкендиктерин – Испаниядагы грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (U20) байгелүү орундарды багындырганын айтып өттү. Мамлекет башчысы ушундай ийгиликтердин артында көп жылдаган тер төккөн мээнет жатканын белгиледи.

Сыйлык алгандар:

Окуучулар:

  1. Назар Кыргызбаевге – 300 000 сом;
  2. Ян Бобруска – 200 000 сом;
  3. Элдар Искендеровго – 200 000 сом;
  4. Искен Кенжебаевге – 200 000 сом;
  5. Алихан Айдарбековго – 200 000 сом;
  6. Байтөрө Майрамбековго – 100 000 сом;
  7. Бектур Бараталиге – 100 000 сом;
  8. Иван Решетниковго – 100 000 сом;
  9. Дмитрий Рубанга – 100 000 сом;
  10. Нурсултан Увалиевге – 100 000 сом;
  11. Байзак Карыпжановго – 100 000 сом.

Мугалимдер:

  1. Махамадхан Ишматовго – 300 000 сом;
  2. Азамат Аскаровго – 200 000 сом;
  3. Медербек Осмоновго – 200 000 сом;
  4. Кылычбек Урайымовго – 200 000 сом;
  5. Дүйшөн Сатыбалдыевге – 100 000 сом;
  6. Азамат Исламбековго – 100 000 сом;
  7. Асхатбек Темиркуловго – 100 000 сом;
  8. Эльбрус Тажибаевге – 100 000 сом.

Спортчулар:

  1. Асан Жанышовго – 600 000 сом;
  2. Самаган Ормоновго – 200 000 сом;

Машыктыруучулар:

  1. Рыскулбек Эгеевге – 150 000 сом;
  2. Шадыбек Сулаймановго – 100 000 сом;
  3. Ташболот уулу Нуржигитке – 100 000 сом.
Scroll to Top