Садыр Жапаров Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого «Ала-Тоо Резорт» долбоорун тааныштырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров 7-8-февраль күндөрү Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушту. Мамлекет башчысы мейманды «Каракол» тоо лыжа базасы жана курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» кластеринин инфратүзүмү менен тааныштырды.
«Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа кластеринин жалпы аянты 3916 гектарды түзөт. Долбоорго ылайык, лыжа трассаларынын узундугу 260 чакырымга жетет, бул аны дүйнөдөгү трассасы эң узун он курорттун катарына кошот. Учурда аймакта ылдамдыгы жогору асма жолдорду, ичүүчү суу системаларын жана электр чубалгыларын куруу иштери жүрүүдө.
Долбоордун графигине ылайык, асма жолдордун жана жеке виллалардын курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Декабрь айында Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи фазасынын ачылышы пландалууда. Кийинки жылдары аймакта үч, төрт жана беш жылдыздуу мейманканалар, ресторандар жана медициналык борбор курулат.
Чанпэн Чжао аймактагы кардын абалын жана тейлөө деңгээлин белгилеп, Кыргызстандын тоо лыжа потенциалы европалык курорттор менен атаандаша аларын билдирди. Ошондой эле тоолордун өзгөчө кооздугун жана абанын тазалыгын белгилеп, Кыргызстанды өзүнүн досторуна жана өнөктөштөрүнө эс алуу багыты катары сунуштоого ниеттенип жатканын баса белгиледи. Сапардын алкагында президент жана Binance негиздөөчүсү лыжа тебишти.