Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Садыр Жапаров иш сапар менен Бахрейнге барды
21.04.2025 | 14:56
Бүгүн, 21-апрелде өлкө башчы Бахрейн Королдугуна король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча учуп барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаровду Манама шаарындагы аэропорттон Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни жана башка расмий адамдар тосуп алышкан.
Бул иш сапардын алкагында өлкөлөр ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу жана аны өнүктүрүү маселелери каралат.
Ошондой эле эки өлкө ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын президентинин Бахрейн Королдугуна жасаган биринчи расмий сапары.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат