Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Садыр Жапаров каякта аскердик кызматын өтөгөн? (ФОТО)
23.02.2022 | 09:39
Президент Садыр Жапаров Сибирь Кызыл туу аскердик округундагы 57849 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал ошондой эле армияда кызмат өтөп жургөн кезиндеги сүрөттөрүн жарыялады.
“Сержант Жапаров Советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөө учурундагы эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланганын көрүүгө болот.
Анын биринде жоокер Жапаров сөз сүйлөп бүтүп, аскер башчыларынын жанында турат (арткы планда, микрофондун жанында).
Башка сүрөттө аскер бөлүгүнүн командиринин аскердик милдетине берилгендиги үчүн сержант Садыр Жапаровго ыраазычылыгы”- деп пост жазды.












Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар