Садыр Жапаров Мекен коргоочуларды куттуктады

Садыр Жапаров Мекен коргоочуларды куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин басма сөз кызматы таратты.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Жолдош жоокерлер жана сержанттар,
Жолдош офицерлер жана генералдар!
Куралдуу күчтөрдүн кымбаттуу ардагерлери!

Ар-намыстын жана эрдиктин үлгүсү болуп, Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандарга ар жылы 23-февралда башыбызды ийип, таазим этебиз. Бул күн ата-бабаларыбыздын Ата Журтубузду көздүн карегиндей коргоп келишкендигин эске салып, мекенчилдик сезимибизди козгоп турат. Анткени туулган жерди — Ата конушту коргоо ар бир кыргызстандыктын ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү атуулдук милдети.

Бул күнү жалпы кыргызстандыктар Мекен коргоочулардын баатырдык эрдиктерин эскерип, эл-жеринин тынчтыгы үчүн жанын бергендердин жаркын элестерине башын ийип, таазим кылып, сый-урмат көрсөтүшөт. Мындай мамиле менен жаңы өсүп келе жаткан жаш муундарга Мекен коргоонун, башкача айтканда, бул датанын маани-маңызы, түпкү максаты айкын болот. Ошентип келечек ээлери Мекен, атуулдук ариет, Ата Журт алдындагы милдет деген ыйык түшүнүктөрдүн барк-баасын билет.

Урматтуу мекен коргоочулар!

Дүйнө жүзү улам жаңы коркунучтарга туш болуп жаткан маалда сиздер ар кандай кырдаалдарга жогорку деңгээлде даярдыкта болушуңар кажет. Мындай шартта мамлекет Куралдуу күчтөрдүн согуштук жөндөмүн өркүндөтүп, коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жакшыртуу аракеттерин тынымсыз көрүп жатат. Ошону менен бирге, аскер кызматчыларынын социалдык маселелерин чечүүгө олуттуу көңүл бурулуп келет.

Урматтуу мекендештер!

Мекен коргоочуларыбызды бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм. Себеби берген антын бекем сактап, Мекен коргоо кызматын ак ниет аткаргандарга жана бүгүн да „Эр жигит — эл четинде, жоо бетинде“ болуп, эл-жерибиздин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп жаткандарга бул майрам эки эсе кымбат. Ошондой эле эр-азаматтарыбыздан калышпай, аскердик кызматын так аткарып, Мекен коргоо милдетин сыймыктануу менен аткарып жүргөн аялзатынын мээнетин да баса белгилеп, чын дилимден куттуктайм.

Бүгүн эң жакшы сөздөрдү жалпыңыздардын үй-бүлөңүздөр жөнүндө айткым келет. Офицердин үй-бүлөсү — Армиянын адеп-ахлактык тиреги. Анткени алар аскердик жашоонун бардык кыйынчылыктарын сиздер менен чогуу сезип, оор түйшүгүн бирге көтөрүшөт.
Мекенибизге кылган кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!

Үй-бүлөңүздөр менен бакубат өмүр сүрүңүздөр!

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ийгиликтерди каалайм!
Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!»- деп айтылат куттуктоосунда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>