Президент Садыр Жапаров быйыл Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.
Анын айтымында, Жапаровду Казакстанга расмий сапар менен келүүгө президент Касым-Жомарт Токаев чакырган. Исаев расмий сапар кайсы айда болорун тактап айткан жок.
Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз