Таласта «Унаа» мекемесинин эки кызматкери кармалды (видео)

Таласта «Унаа» мекемесинин эки кызматкери кармалды (видео)

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура — Манас секторунун мурдагы башчысы жана адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Таластагы Кара-Буура — Манас секторунун кызмат адамдарынын жана А. Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаа мектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасы аныкталган.

«Кара-Буура районундагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана унаамектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды», — деп билдирет УКМК.

Жогорудагы факты боюнча «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура — Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. кармалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>