Милиция чөнтөк уурулукка каршы профилактикалык иш-чара өткөрүүдө

Милиция чөнтөк уурулукка каршы профилактикалык иш-чара өткөрүүдө

Бишкектин Ленин райондук милициясы «Чөнтөк уурулукка жол жок» аталышында алдын алуучу иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, профилактикалык иш-чара 1-майдан 30-майга чейин жүргүзүлөт. Ал шаардын коомдук жайларында жана кичи автобустарда чөнтөк уурулуктары көбөйүп кеткенине байланыштуу өткөрүлүүдө. Ленин районунун милиция кызматкерлери жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

Иш-чаранын алкагында Ош базарындагы милиция бөлүмүнүн кызматкерлери базар ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Милиция жарандарга кайрылып, кылмыштын күбөсү же кылмышкерлерден жабыркаган болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же 0(312) 352 947, 0 (502) 102 149 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>