Садыр Жапаров мамтил мыйзамын сындаган Сергей Лавровго жооп берди

Садыр Жапаров мамтил мыйзамын сындаган Сергей Лавровго жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Кыргызстанда жаңы кабыл алынган «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамды сындаган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жооп берди.

Журналист «жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бизде мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата пикирин билдирди. Анда ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кылуу демократиялуу эмес экенин, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары буга мугалимдер, дарыгерлер кошулганын айткан. Чын эле эми бул мыйзамдын иштөөсү менен расмий тил — орус тили дискриминация болобу?», — деген суроо узаткан.

Садыр Жапаров суроого жооп берип жатып мыйзам орус тилин дискриминациялоого эмес, кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталганын айтты.

«Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны «сен кыргызча билбейт экенсиң» деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи», — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, буга чейин Сергей Лавров «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамды сынга алып, «Кыргызстанда бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө жана иштөөгө милдеттендирүү анчалык демократиялык иш эмес» деген.

«Мисалы Кыргызстанда бир нече убакыт мурда (мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алуу тууралуу – ред.) идея пайда болгондо, кыргызстандык досторубузга бул нерсе анча демократиялык эмес экенин эскерткенбиз. Бардык мамлекеттик кызматкерлерди, кыргыз тилин билүүгө жана ал менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин катарына мугалимдер, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калган. Биз бир нече ирет эскерткенбиз. Бирок башка багыт тандалды. Бирок Конституцияда орус тили улуттук баарлашуу тили болуп калууда», — деген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>