Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Садыр Жапаров Ташкентке иш сапары менен кетти
08.11.2023 | 14:41
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын борбору Ташкентке жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Саммитке Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан менен Пакистандын өкмөт башчылары катышат.
Кыргызстандын расмий делегациясы:
- президенттин жубайы Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;
- Кыргызстандын Ирандагы элчиси, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;
- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом