Аэропорт жактагы жарыш. МАИ кызматкерин сүзүп кете жаздаган айдоочу кечирим сурады (видео)

Аэропорт жактагы жарыш. МАИ кызматкерин сүзүп кете жаздаган айдоочу кечирим сурады (видео)

5-октябрда Бишкек – «Манас» аэропорту жолунда, Манас айыл жакта болгон унаа жарышына байланыштуу 12-айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, айдоочулардын баарына 15 миң сом айыппул салынып, унаалары айып короосуна токтотулган. Ошондой эле тиешелүү чара көрүү үчүн алар тергөө кызматына жеткирилген.

Он экинчи болуп кармалган жаран жол кыймылынын коопсуздугун караган кызматкерди сүзүп кете жаздаган айдоочу болуп чыкты. Жол милициясы тараткан видеодо ал кылган жоругу үчүн кечирим сураган.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда топ жарандар Бишкек – «Манас» аэропорту жолунда унаалары менен жарыш өткөргөн. Жарышты токтотуу үчүн жерине жол милиция кызматкерлери барган. Бирок жарышка катышкандар кызматкерлерге баш ийбей, арасында тартип сакчыларына таш ыргыткандар болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>