Тууну өзгөртүү. Авторлор тактоочу варианттын иштеп чыга элек

Тууну өзгөртүү. Авторлор тактоочу варианттын иштеп чыга элек

Мамлекеттик туунун авторлору желектин тактоочу варианттын иштеп чыга элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге авторлордун бири Жусупбек Матаев билдирди.

Алар мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов менен бирге чогуу иш алып бармай болушкан.

«Ал киши сапарда болуп калып, келгенде жолугушмай болгонбуз», — дейт Жусупбек Матаев.

Белгилей кетсек, туунун авторлору Медеткан Шеримкулов менен бирге 24-октябрда, 15 күн мурун парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушуп, 10 күн аралыгында туунун так вариантын алып келишери кабарланган. Бекбосун Жайчыбеков бир нече күндөн кийин желекти өзгөртүүгө такыр каршылыгын билдирди.

Жогорку Кеңешти төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү сунуштап, коомдук талкууга чыгарган.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Туунун автору: Туунун түп нуска үлгүсү революция учурунда өрттөнүп кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>