Президент Садыр Жапаров 11-июнда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Каза болгон казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат президенттин телеграммасында.
Эскерте кетсек, Абай районундагы 60 миң гектар аянтты түзгөн ири токой өртүнүн кесепетинен 14 кызматкер каза болгон. Буга байланыштуу Казакстанда 12-июнь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз