Арча-Бешикте жаңы таза суу линиясынын курулушу башталды

Арча-Бешикте жаңы таза суу линиясынын курулушу башталды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Арча-Бешик  конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө.

Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 линиялык метр траншеяларга 856 метрге жакын түтүкчөлөр төшөлүп, ага катарлаш курулуш объектисинде топуракты толтуруу иштери жүрүп жатат.

Учурда 856 метр суу түтүгүн тартуу иштери аяктады. Бардыгы болуп 10 даана атайын техника тартылган, анын ичинен 3 даана “Тазалык” ишканасынан 3 даана (2 фронттук жүктөгүч, 1 даана грейдер)

Белгилей кетсек, бул Арча-Бешик конушунун ылдыйкы бөлүгүн суу менен камсыздоо, ошондой эле суу менен камсыздоо боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү бул конуштагы үчүнчү суу линиясы.

Мэр суу чарба тармагына курулуштун мөөнөтүн тездетүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>