Садыр Жапаров Токаевге көңүл айтты

Садыр Жапаров Токаевге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров 11-июнда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өлкөнүн чыгышындагы токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, жалпы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстандын чыгышында күч алган токой өрттөрүнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгон  казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Эскерте кетсек, Абай районундагы 60 миң гектар аянтты түзгөн ири токой өртүнүн кесепетинен 14 кызматкер каза болгон. Буга байланыштуу Казакстанда 12-июнь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>