Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, жыйында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант берет.
Мамлекет башчысы Жогорку Кеңешке саат 11:00гө келери күтүлүүдө.