Садыр Жапаровдун “Элдик курултай” жөнүндө жарлыгы жокко чыгарылды
Президент Садыр Жапаровдун “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы жокко чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Президентин маалыматы кызматы билдиргендей, былтыр 15-августта Садыр Жапаров тарабынан “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол коюлуп, анын негизинде 25-ноябрда Бишкекте 1 миң 74 делегаттын катышуусунда биринчи Элдик курултай өткөн. Аталган жардык тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейин чыгарылган.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу президентинин 2022-жылдагы “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту, аны менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз