Садыр Жапаровдун «Элдик курултай» жөнүндө жарлыгы жокко чыгарылды

Садыр Жапаровдун «Элдик курултай» жөнүндө жарлыгы жокко чыгарылды

Президент Садыр Жапаровдун «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгы жокко чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Президентин маалыматы кызматы билдиргендей, былтыр 15-августта Садыр Жапаров тарабынан «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол коюлуп, анын негизинде 25-ноябрда Бишкекте 1 миң 74 делегаттын катышуусунда биринчи Элдик курултай өткөн. Аталган жардык тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейин чыгарылган.

«Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу президентинин 2022-жылдагы «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту, аны менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>