Ошто күйөөсү боюнда бар аялына бычак сайып, курсактагы бала каза болду

Ошто күйөөсү боюнда бар аялына бычак сайып, курсактагы бала каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 33 жаштагы боюнда бар келин бычактан жараат алып, ооруканага түштү. Шектүү катары күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-августта 40 жаштагы тургун (Л.И.) үйүндө пикир келишпестиктен улам боюнда бар аялын бычак менен сайып жиберген. Жараат алган келинди туугандары Ош облусттук төрөт үйүнө жеткиришкен.

Окуя тууралуу милицияга 23-августта болжол менен саат 23:30да маалымат түшүп, жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Окуя боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынууда.

Аталган факт боюнча 24-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 37-122 (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары жабыркаган аялдын күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары улантылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар жазгандай, 33 жаштагы келиндин 20-21 жумалык боюнда бар болгон. Күйөөсү ага бир нече жолу бычак сайган.

Келин төрөтканага жеткирилгенде оор абалда болгон. Дарыгерлер ага операция жасап, куткарып калышкан. Учурда анын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Каргашалуу окуядан кийин түйүлдүктөгү бала каза болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>