Алтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүнПрезидент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайт
Садыр Жапаровдун инагурациясына Сооронбай Жээнбеков чакырылдыбы? Жооп
26.01.2021 | 14:47
Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун инагурациясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Ал Кыргызстандын мурдагы башчыларынын бардыгы Жапаровдун инагурациясына чакырылганын айтты.
«Президенттикке койгон бардык талапкерди дагы чакырдык», – деди ал.
Буга чейин чет мамлекеттерден бир гана Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев чакырылганы белгилүү болгон.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун инагурациясы 28-январда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат