Жалал-Абад ОИИБ: дарыкананы тоногон каракчылар кармалды — видео

Жалал-Абад ОИИБ: дарыкананы тоногон каракчылар кармалды — видео

Жалал-Абад шаарында дарыкананы карактаган каракчылар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 18-январда Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирин бетине медициналык беткап таккан 2 адам тоноп кеткен. Анда каракчылар сатуучу кызды бычак менен коркутуп, кассадагы он миң үч жүз сомду, сатуучунун сумкасынан беш жүз сомду жана кол саатын, алып, качып кетишкен.

Ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында У.М. жана А.О. атуу 20 жаштагы Жалал-Абад шаарынын эки тургуну кармалып, жандарынан кылмышка далил буюмдар табылган.

Ошондой тинтүү учурунда кармалгандарын биринин чөнтөгүнөн 1,38 грамм баңгизаты чыккан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко териштирүү иштери башталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>