Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов 30-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу кыскача изилдөөсүн жарыялады. Ал Садыр Жапаровдун жети атасына токтолуп, жетинчи атасы Жамангул уулу Белек ХVII кылымдын аягында Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнүн жазган.
Ошондой эле Жапаровдун жотосу – бешинчи атасы Бирназар бийдин сөөгү Жалал-Абадга коюлганын билдирген.
Мындан көп өтпөй Садыр Жапаровдун инстаграмдагы баракчасына ата-теги тууралуу билдирүү жарыяланды.
Анда Долон бийден ылдый көздөй ата-тегин жазып, илгери алар түштүктөн көчүп келип, Ысык-Көлдү байырлап калганын жана жетинчи атасы Бирназар бийдин сөөгү Жалал-Абаддагы Азрет Аюб мазарына коюлганын жазган.
Кыяс Молдокасымов Бирназар бийди Садыр Жапаровдун бешинчи атасы десе, саясатчы өзү аны жетинчи атасы деп жазууда.
[su_image_carousel source=»media: 50969,50970″ crop=»none» autoplay=»4″]
Бул өз ата тегин жазган саясатчы менен такшалган тарыхчынын эсебиндеги айырмачылык айрым интернет колдонуучуларын түйшөлтүп кимисиники туура деп собол салышууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram