Садырдын ата-теги: Молдокасымов менен Жапаровдун эки башка эсеби

Садырдын ата-теги: Молдокасымов менен Жапаровдун эки башка эсеби

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов 30-ноябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу кыскача изилдөөсүн жарыялады. Ал Садыр Жапаровдун жети атасына токтолуп, жетинчи атасы Жамангул уулу Белек ХVII кылымдын аягында Ысык-Көл элине хан көтөрүлгөнүн жазган.

Ошондой эле Жапаровдун жотосу – бешинчи атасы Бирназар бийдин сөөгү Жалал-Абадга коюлганын билдирген.

Мындан көп өтпөй Садыр Жапаровдун инстаграмдагы баракчасына ата-теги тууралуу билдирүү жарыяланды. 

Анда Долон бийден ылдый көздөй ата-тегин жазып, илгери алар түштүктөн көчүп келип, Ысык-Көлдү байырлап калганын жана жетинчи атасы  Бирназар бийдин сөөгү Жалал-Абаддагы Азрет Аюб мазарына коюлганын жазган.

Кыяс Молдокасымов Бирназар бийди Садыр Жапаровдун бешинчи атасы десе, саясатчы өзү аны жетинчи атасы деп жазууда.

[su_image_carousel source=»media: 50969,50970″ crop=»none» autoplay=»4″]

Бул өз ата тегин жазган саясатчы менен такшалган тарыхчынын эсебиндеги айырмачылык айрым интернет колдонуучуларын түйшөлтүп кимисиники туура деп собол салышууда.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov_official)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>