Кыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайт
Салык кызматы: Кант кошулган суусундуктар онкологиялык оору чакырат
16.09.2025 | 10:56

Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кант кошулган суусундуктарды көзөмөлдөөнүн зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, мындай суусундуктар адамдын ден соолугуна дароо таасир бербегени менен, узак мөөнөттүү колдонууда олуттуу кесепеттерге алып келет.
«Бүгүн ичип, эртең эч нерсе болбойт деп ойлошот. Бирок 10–15 жылдан кийин өнөкөт ооруларга, онкологиялык ооруларга себеп болот. Айрыкча балдар жасалма суусундуктарды көп керектешет. Бул коомдун ден соолугуна чоң зыян», — деди Шыкмаматов.
Ал салык кызматы мындай суусундуктарды чектөө жана көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн катуу чараларды көрүү ниетин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом