Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл – бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Макулдашуунун максаты — салык органдарынын ишинин мыйзамдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, алардын ишкердик субъекттери жана бизнес-акыйкатчы менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү. Тараптар буга чейин кызматташуунун түрдүү аспектилерин жана келечегин талкуулашкан.
Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бизнес-акыйкатчыны жаңы Салык кодексинин долбооруна сунуш киргизүүгө чакырды.