Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Орусиялык блогер Кыргызстан жөнүндө клип тартты
04.11.2021 | 18:04
Орусиялык блогер Александр Лист “Кыргызстан” аттуу ырына клип тартып, ютуб каналына кечээ жүктөгөн. Видео 4 мүнөт убакытка жетпейт. Ушул тапта 2500 киши көргөн.
Көрөрмандар комментарийлеринде мактоого алышкан. Айрымдары шедевр болуптур дешсе, кээ бирлери Кыргызстан сага экинчи жарандыгын бериши керек деп тамаша кылышууда.
Александр Лист Кыргызстан жөнүндө чыгармасын Нур Чолпон менен биргеликте аткарган. Ал кайырмаларын кыргызча ырдаган..
Буга чейин Кыргызстан тууралуу ырга башка клип тарткан болчу. Блогер ыр жазууга анын Кыргызстанга келгендеги сезимдеринен улам пайда болгон идея экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар