Самаркандда мамлекеттик кызматтарды жасалма интеллект аркылуу жакшыртуу маселеси талкууланды

02.07.2025 | 11:21

Өзбекстандын Самарканд шаарында Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн мамлекеттик кызматкерлери жасалма интеллект аркылуу мамлекеттик кызматтарды тез, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу жолдорун талкуулашты.

Иш-чаранын негизги өзөгү — мамлекет менен жеке сектордун кызматташуусу аркылуу инновациялык санариптик кызматтарды өнүктүрүү болду. Бул модель мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) деп аталат.

ЖИ технологиялары жана МЖӨ механизмдери аркылуу жарандар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

– Мамлекеттик кызматтарды онлайн түрүндө тез жана так алуу;

– Ачык-айкындуулук жана бюрократияны азайтуу;

– Күнүмдүк турмушка багытталган инновациялык чечимдер.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар санариптик трансформация жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top