Селекцияда аялын бычактаган киши эки айга камалды

22.09.2023 | 22:02

Чүйдүн Селекция айылында аялынын кулагы менен мурдун кесип, зордук-зомбулук көрсөткөн адам эки айга камакка алынды.

Жогорку соттун маалыматына караганда, мындай чечим Сокулук райондук соту тарабынан 22-сентябрда чыгарылган.

“Сокулук райондук сотунун токтому менен Э.А.Э. карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү, тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 20-ноябрга чейин колдонулду”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүйдө мурдагы күйөөсүнөн жабыркаган аялдын ишин министр көзөмөлгө алды, – ИИМ

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top