Депутат мектептерде акча чогултуу үчүн айып салууну сунуштады

Депутат мектептерде акча чогултуу үчүн айып салууну сунуштады

Жогорку Кенештин депутаты Миргүл Темирбаева («Ишеним») мектепте мыйзамсыз акча чогултуу үчүн айып пул киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору мектепте бекер билим алуу укугун камсыздоого жана мыйзамсыз акча чогултууну, анын ичинде мектептерде мамлекеттик фонддорду түзүү аркылуу жоюуга багытталган.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча чогултуу үчүн жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Ошондой эле мамлекеттик фонддорду түзүү жолу менен мыйзамсыз акча өндүрүп алуу үчүн жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом), юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч (28 миң сом) өлчөмүндө айып салуу каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>