Селекцияда аялын бычактаган киши эки айга камалды

Селекцияда аялын бычактаган киши эки айга камалды

Чүйдүн Селекция айылында аялынын кулагы менен мурдун кесип, зордук-зомбулук көрсөткөн адам эки айга камакка алынды.

Жогорку соттун маалыматына караганда, мындай чечим Сокулук райондук соту тарабынан 22-сентябрда чыгарылган.

“Сокулук райондук сотунун токтому менен Э.А.Э. карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү, тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 20-ноябрга чейин колдонулду”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кулак-мурду кесилген келинге Түркиядан бир нече операция жасалат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>