Чүйдө мурдагы күйөөсүнөн жабыркаган аялдын ишин министр көзөмөлгө алды, — ИИМ

Чүйдө мурдагы күйөөсүнөн жабыркаган аялдын ишин министр көзөмөлгө алды, — ИИМ

Чүйдүн Селекция айылында эркек киши мурдагы аялынын кулагын жана мурдун кесип салган окуя боюнча иш ички иштер министринин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

ИИМден билдиришкендей, милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алууга чоң көңүл бурат. Бул багытта үй-бүлөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана үй шартында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык деңгээлде активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Селекция айылында болгон кылмышка өзгөчө көңүл бурулууда. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул ишти объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн жеке көзөмөлүнө алды. Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу ички иликтөө кызматы тарабынан кошумча текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ милиция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>