Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабадга бардыӨкмөт башчы Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуудаБишкек абанын булганышы боюнча 81-орунду ээледи2025-2026-окуу жылына ЖОЖдорго кышкы кабыл алууга конкурстук тандоо 23-декабрда башталатЫсык-Көлдө бир нече бодо малдарды уурдаган. Шектүү кармалдыЖайыл районунда браконьерлерге каршы рейд: эреже бузгандарга айып салынып, куралы алынды
Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан 3 журналист шайлоого барат
05.10.2021 | 14:18
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында, парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан аттана тургандардын саны 92ге жеткени жазылды. Анын ичинен журналисттерден дагы депутат болууну каалагандар бар.
- Амантур Мусагул уулу №32 Кочкор округу менен шайлоого катышаарын билдирген. Мусагулов “Де-Факто” гезитинин башкы редактору. Буга чейин бир катар саясий гезиттерде иштеп жүргөн.
- Замир Казакбаев № 34 Жети-Өгүз округу боюнча барганы жатат. Ал буга чейин “Миң Кыял” радиосунда, КТРК, ЭлТР каналында иштеп жүргөн. Соңку жылдары эркин журналист катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
- Нурлан Шакиев №17 Аксы округунан шайлоого катышаарын шардана кылды. Экс-президенттин пресс-катчысы, ЭлТРдин башкы директору, Маданият, маалымат жана туризм министри болуп эмгектенген. Ушул тапта NEWTV телеканалынын башкы директору, айрым маалыматтарга караганда жеке теле каналы.
Шайлоо 28-ноябрда болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат