1-апрелге карата аба ырайыБишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керек
Шайлоо-2021: Талапкерлердин саны 145ге жетти
08.10.2021 | 13:23
Бир мандаттуу шайлоо округдарынан БШКга бүгүнкү күндө 145 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү.
БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда башкача айтканда, 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
Кыргызстанда Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат