«Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн. Өлкөнүн намысы жана кадыр-баркы үчүн!” деп аталган жарандык коом түптөлдү. Бул туурасында аталган коомдон Нурипа Муканова билдирди.
Анын айтымында, максаты таза шайлоону өткөрүүгө көмөктөшү.
Жарандык коомдун негизги иши:
— жарандардын кайрылууларына жана арыздарына жооп берүү үчүн ишеним телефонун ишке киргизү;
— арыздардын жана даттануулардын тууралыгынын фактысын Ички иштер министрлиги жана БШК менен бирдикте текшерүү;
— жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматты коомчулукка тез жана өз убагында жеткирүү.