Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Жапырт уулануу: Милиция кылмыш ишин козгоду
29.10.2021 | 15:03
“Империя пиццы” кафелер тармагынан жапырт уулануу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө.
Аталган кафенин тамагына ууланып Бишкектеги ооруканаларга кайрылгандардын саны 29-октябрда 318ге жетти. Алардын ичинен кырктайы өспүрүмдөр.
22-23-24-октябрь күндөрү “Империя пиццы” кафесинен тамак алып жегендер ууланганы белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы 25-октябрда аталган кафени убактылуу жабылганын кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом