Шайлоо: ЖК депутаты болууну каалаган жарандардан арыз түшө баштады

07.03.2024 | 12:43

Быйыл 28-апрелде өтө турган Кара-Суу жана Баткен бир мандатуу аймактары боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышууну каалаган эки жарандан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кара-Суу шайлоо аймагы боюнча Ганишер Бадалов жана Баткен шайлоо аймагы боюнча Алимберди Бегматов талапкерлигин көрсөттү. Бадалов жеке ишкер болсо, Бегматов – Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси.

Депутаттыкка ат салышууну каалаган жарандар 26-мартка чейин талапкерлигин көрсөтө алат.

[image_carousel source=”media: 206921,206922″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Суу округунан депутат болуп шайланган Искендер Матраимво менен Баткен округунан депутат болгон Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырган. Ага байланыштуу президенттин жарлыгы менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге белгиленген.

Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев эми депутат эмес

 

Scroll to Top