Шашылыш билдирүү! 4-5-январь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-январынан 5-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
“Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу” унаа жолунун 55-107- чакырымында,
“Ала-Бука – Каныш-Кыя” унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу)
“Красная-Горка – Акташ” унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ?️Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
?АБА-ЫРАЙЫ
4-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы.
Күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
☎️Урматтуу айдоочу жана жүргүнчүлөр узак жолго чыгууда сак болууга чакырабыз. Унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, жетиштүү азык алыңыз.
❗️Кырсык катталган учурда жардам алуу үчүн жана унаа жолдордогу абал боюнча маалыматты 112 номерине чалуу аркылуу билсеңиз болот