Нарын: Ат-Башыда жаңы мечит ишке берилди

Нарын: Ат-Башыда жаңы мечит ишке берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 450 орундуу жаңы мечиттин салтанатуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Ачылышка облус казысы Эрик Молдокулов, Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров, Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Гулзада Керималиева, Ат-башы районунун баш имам-хатиби Абдулло Тахиров, айыл аксакалдары жана тургундар катышты.

Облус казысы айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, мечиттин ички-тышкы тазалыгына аяр мамиле кылууга чакырып өттү. Ошону менен бирге  мечиттин бардык документтерин айыл имамына тапшырып берди.

Ачылыш аземинен соң облус казысы айыл эли менен алгачкы жума намазын окуду.

Белгилей кетсек, айыл тургундары эл-жерде, айылда ынтымак болсун деген тилек менен мечиттин атын “Ынтымак” деп атап коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>