Шашылыш билдирүү! 4-5-январь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Шашылыш билдирүү! 4-5-январь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 4-январынан 5-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

«Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» унаа жолунун 55-107- чакырымында,

«Ала-Бука — Каныш-Кыя» унаа жолунун 68-10-чакырымында (Чапчыма ашуусу)

«Красная-Горка — Акташ» унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. ?️Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

?АБА-ЫРАЙЫ

4-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы.

Күндүн биринчи жарымында көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Күндүн экинчи жарымында Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

☎️Урматтуу айдоочу жана жүргүнчүлөр узак жолго чыгууда сак болууга чакырабыз. Унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, чынжырча, күрөкчө, дары-дармек, жетиштүү азык алыңыз.

❗️Кырсык катталган учурда жардам алуу үчүн жана унаа жолдордогу абал боюнча маалыматты 112 номерине чалуу аркылуу билсеңиз болот

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>