Кыргызстанда күйүүчү майдын запасы бир айга жетет. Өлкө күйүүчү май тартыштыгынан кутула алабы?Электричка жүрөт. Бишкек мэриясы темир жолду шаардын чегинен сыртка чыгаруу идеясынан баш тарттыКыргызстандык 17 жаштагы Медина Эрмекова Miss Grand International сынагына катышуудаКыргызстан БУУнун өлүм жазасын жоюу жөнүндөгү протоколуна кошуулууну артка кайтарууну кароодоБишкек мэри Яндекс GO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Эмне талкууланды?Президенттин атынан жаш балбандарга сыйлыктар тапшырылды
Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүп, жолдор тайгалак болот
30.03.2022 | 09:38
30-марттан 2-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болот. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
- Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
- 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу),
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында,
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95-чакырымдарында,
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымдарында (Талдык ашуусу),
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымдарында (Батман-Көл айылы),
- 147-150 чакырымдарында (Кара-Тейит айылы),
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-305 чакырымдарында (Долон ашуусу,
- Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси),
- 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында,
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
30-март күнү түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3°, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарына коркунуч алып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар