Кыргызстанда кумшекердин баасы төмөндөөдө

Кыргызстанда кумшекердин баасы төмөндөөдө

Кыргызстанда канттын баасы төмөндөп, абал турукташууда. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ири чекене түйүндөрдө ку шекерге бааны турукташтыруу боюнча иштердин натыйжасында социалдык кантка баанын төмөндөшү байкалууда:

— дүкөндөрдүн биринде 1 кг үчүн 60 сомго чейин (чектөөлөр менен). 1 кг ашык кумшекер чектөөсүз 1 кг 77 сомдон сатылууда.

 

— башка дүкөндөрдө социалдык канттын баасын төмөндөтүү маселеси иштелип жатат.

Доллардын курсунун төмөндөшүнө жана кумшекерге КНСтин ставкасын нөлгө түшүрүүгө байланыштуу канттын дүң сатуу баасын төмөндөтүү багытында бааны жөнгө үстөмдүк кылуучу кант өндүрүүчүгө билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошондой эле республика боюнча базарларда,  башка соода объектилеринде чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>