9-11-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, ошондой эле Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолунун 160-179-чакырымдарында (Талдык ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирди.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертти. Ошондой эле зарыл болбосо, жолго чыкпай турууга жана кар көчкүлөрдөн сак болууга чакырды.